Премьер-министр Парижде өтүүчү XVII Паралимпиадалык жайкы оюндарына катыша турган Казакстан курама командасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Олжас Бектенов аларга мамлекеттик тууну тапшырды. Анын спортчулары төрт жылдык мелдештин ачылыш аземинде салтанаттуу түрдө өтүшөт. Желек көтөргөндөр Азия Паралимпиадасынын жеңүүчүсү, отуруп ойноо волейболу боюнча Казакстандын чемпионатынын он жолку жеңүүчүсү Берик Измаганбетов жана пара ок атуу боюнча Казакстандын чемпионатынын жеңүүчүсү Севда Алиева. Өкмөт башчы Улуттук паралимпиадалык курама командага ийгилик каалады. Спортчулар өз кезегинде жеңиш менен кайтып келүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада беришти. Эскерте кетсек, жайкы Паралимпиадалык оюндарга казакстандык 44 спортчу катышат. Алар спорттун 9 түрү боюнча ойношот.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:
– Паралимпиада – бул жөн гана спорт эмес, биринчи кезекте дүйнө жүзүндөгү эң мыкты паратлеттерди бириктирген аянтча. Ошондуктан биздин спортчуларга негизги мелдештерде ийгилик каалайбыз. Сиздер бүгүн алып жаткан биздин желек Казакстандын башкы мамлекеттик символу гана эмес, бул биримдиктин жана жеңиштин символу. Сиздер Казакстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп, жаңы жеңиштерди алып келүүңүздөргө ишенебиз.
Бауыржан Сартаев, Казакстандын отуруп ойноо волейболу боюнча Улуттук курама командасынын капитаны:
– Биз Париж Паралимпиадасына кетип жатабыз. Ушул убакка чейин канча окуу-машыгуу даярдыктарын өткөрдүк. Биз бийиктиктерге жетип, бул мелдештерде бардык чеберчилигибизди жана тажрыйбабызды көрсөтүүгө ниеттенүүдөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков