ІХ кышкы Азия оюндарына Казакстандан 138 спортчу катышат

ІХ кышкы Азия оюндарына Казакстандан 138 спортчу катышат

Казакстан кайрадан кышкы Азия оюндарына катышат. Эске салсак, мелдеш бирдин айынын 7нен 14-аралыгында Кытайда өтөт. Өлкө намысын 138 спортчу коргойт. Алар спорттун алты түрүнөн 10 дисциплина боюнча чыгышат – бул керлинг, лыжа жарышы, фристайл акробатика, көркөм муз тебүү, хоккей, лыжа жана коньки тебүү, шорт-трек, биатлон жана биринчи жолу оюнга кирген лыжа – альпинизм. Казакстандык спортчулар 51 комплект медаль үчүн күч сынашат. Белгилей кетсек, атамекендик спортчулар кышкы Азия оюндарына алтынчы жолу катышат. Спортчулар биринчи жолу 1996-жылы Харбинде чыгышкан. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, кышкы Азия оюндарына катышуу учурунда казакстандыктар 196 медалга ээ болушкан. Алардын 78и алтын, 62си күмүш жана 56сы коло. Быйылкы оюндарга Азиянын 32 өлкөсүнөн миңдеген спортчулар катышат. Алардын ичинен 64 комплект медаль ойнотулат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков