«Адал адам – адал эмгек». Борбор калаада жумушчу кесиптер жылына жана Казакстан эли Ассамблеясынын 30 жылдыгына арналган форум өттү. Ага республикалык ишканалардын кызматкерлери, кесиптик-техникалык окуу жайлардын студенттер, ошондой эле Казакстандын Эмгек Баатырынын ээлери катышты. Акыркылары иш-чаранын ардактуу коноктору катары жаштарга кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү. Алар ийгиликтүү эмгектин ачкычы – талыкпаган эмгек жана жалпы адамдык баалуулуктарды кармануу экенин айтышат. Ал эми Казакстан эли Ассамблеясынын өкүлдөрү өз иштерине ак ниеттүү кызмат кылуунун жаркын үлгүсүн көрсөтүп келишет. Учурда уникалдуу келишим институтунун дубалдарында студенттик ассамблеялар активдүү иш алып барууда. Өлкө жаштары мындай аянтчалар кесипкөй жана социалдык өсүүгө, чыгармачылык менен өзүн көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн айтышат.
Тимур Жумырбаев, «Жаштар Ассамблеясы» республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы:
- Биз үчүн казакстандык жаштардын коомдук, чыгармачылык илимий жана ыктыярдуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык долбоорлорго жетишүүсү маанилүү. Биз жаштарыбыздын дүйнөлүк деңгээлдеги маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө активдүү катышуусун каалайбыз. Этнос аралык мамилелер тармагын өнүктүрүү боюнча ата мекендик тажрыйба ЮНЕСКО сыяктуу абройлуу аянтчаларда сунушталышы керек деп эсептейм.
Александр Ольтов металлург/Актөбе облусу:
- Баарыбызга маалым болгондой, президент быйылкы жылды жумушчу кесиптердин жылы деп жарыялады. Бул биздин өлкө жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан мээнетибиз көз жаздымда эмес экендигинин белгиси деп ойлойм. Компаниябызда жаштар үчүн бардык шарттар түзүлүп берилген. Баарынан да жаңы идеялары бар жигердүү жаш адистер жогору бааланат. Жаштарга эмне үчүн бул кесипти тандап алганымды, чыгармачылыгыма шыктанганымды айтып, кесипкөй кеңештерди берүүгө дайым даярмын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

