Астана менен Токио санариптик технологиялар, эл аралык каржы жана билим берүү тармактарында кызматташтыкты кеңейте алышат. Бул багыттар боюнча өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн Президент Касым-Жомарт Токаев жана Жапониянын борборунун губернатору Юрико Коике караштырды. Мамлекет башчысы Казакстан менен Жапониянын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн түзүлгөнүнүн 10 жылдыгынын алдында өтүп жаткан бул сапардын символикалык мааниси чоң экенин баса белгиледи. Тараптар ошондой эле заманбап мегаполисти башкаруу темасын талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Казакстан Smart City концепциясын илгерилетип жатканын, дүйнөдөгү эң коопсуз, таза жана натыйжалуу башкарылган шаарлардын бири болгон Токио менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Юрико Коике өлкөдө экономиканын өсүшүнө, жасалма интеллектти өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталган реформаларды жогору баалады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биз сизди дүйнөлүк деңгээлдеги көрүнүктүү саясатчы катары карайбыз. Сиздин келечекти көрө билген жетекчилигиңиз жана өз өлкөңүзгө көп жылдык кызматыңыз терең урматтоого татыктуу. Казакстанда сизди убакыт сынагынан өткөн дос, өнөктөш жана мамлекеттик ишмер катары билишет. Биз сиздин казак элинин тарыхын жана маданиятын жайылтууга багытталган аракеттериңизге өзгөчө маани беребиз, бул биздин элдердин жакындашуусуна өбөлгө түзөт.
Касым-Жомарт Токаев өткөн жылы Жапонияга болгон расмий сапарын жылуу сезим менен эскерип, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелер сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Соңунда Казакстандын Президенти Юрико Коикеге Казакстан менен Жапониянын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымы үчүн I даражадагы «Достук» орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

