Быйыл тоют өсүмдүктөрүнүн аянты өсөт

Быйыл тоют өсүмдүктөрүнүн аянты өсөт

Чыгыш Казакстан облусунда жазгы талаа иштери башталды. Бул өнөктүк кулжа айынын 1не чейин уланат. Быйыл облуста эгин айдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүндү. Анын ичинен 1 миллиард теңге үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө багытталат. Муну менен катар, түрдүү минералдык жер семирткичтердин жана пестициддердин баасын арзандатууга 3 миллиард теңгеге жакын каражат каралган. Негизинен өлкөнүн Айыл чарба министрлиги кезектеги өнөктүктө субсидиялоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Эгерде мурда дыйкандар жер семирткич сатып алгандан кийин гана чыгымдары төлөнүп келсе, азыр аванстык төлөм түз эле минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчүгө берилет. Бул алардын наркынын 60% түзөт. Белгилей кетсек, быйыл облуста өнүмдүүлүгү жогору майлуу жана тоют өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын кеңейтүү пландалууда. Бул кайра иштетүүчү ишканалардын толук кубаттуулукта иштөөсүнө шарт түзөт. 

Дархан Абилмажинов, Айыл чарбачылыгы башкармасы бөлүмүнүн башчысы: 

- Үстүбүздөгү жылы облуста айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты 645 миң гектарды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 7 миң гектарга көбөйдү. Белгилей кетсек, быйыл аймакта дан эгиндери азайгандыктан облуста май жана тоют өсүмдүктөрүнүн көлөмүн көбөйтүү мерчемделүүдө. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков