Казакстан, Түркмөнстан жана Ооганстан жаңы темир жол магистралынын курулушун баштайт

Казакстан Ооганстан аркылуу өтүүчү темир жолдун курулушуна катышууга чакыруу алды. Бул «Тургунди – Герат – Кандагар – Спин-Булдак» автожол коридорунун жагымдуулугун бир нече эсе жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Актауда өтүп жаткан биринчи транспорттук соода-экспорттук форумдун алкагында Түркмөнстандын министрлер кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин жетекчиси Мамметхан Чакыев билдирди. Казакстандын, Ооганстандын жана Түркмөнстандын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүлөрдө темир жол магистралын куруу боюнча жаңы долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар Тургундыда логистикалык борбор түзүүнү пландап жатышат. Жакында курулуш башталат. Ошондой эле эгинди, контейнерлерди жана башка жүктөрдү кайра ташуу үчүн объектилерди куруу белгиленген. Долбоор ишке киргенден кийин логистикалык борбор Тургунду тарабынан товар алмашуунун өсүшүнө түрткү берет. Ооган тараптын өкүлдөрү Казакстан жана Түркмөнстан аркылуу Пакистанга жүк ташууга даяр экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары, Кытай товарларын Казакстан жана Түркмөнстан аймактары аркылуу алып келүүгө кызыкдар экенин билдирген. Мындан тышкары, Казакстандын вице-премьер-министри ирандык делегация менен жолугушуу өткөрүп, анда транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча биргелешкен ниеттерди ишке ашыруу талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков