Казакстанда геологиялык фонд сактоо жайы салынат

Казакстанда геологиялык фонд сактоо жайы салынат

Өлкөдө заманбап геологиялык фонд сактоо жайы курулат. Аны курууга керектүү жерди борбордун акимчилиги ушул жылдын чын куран айында бөлүп берет. Бул тууралуу Өнөр жай жана курулуш министрлиги билдирди. Натыйжада өлкө геологиялык маалыматты сактоонун заманбап инфраструктурасы менен камсыз кылынат. Түгөнгүс кен жок. Ошондуктан республиканын жер астындагы кен байлыктарынан жаңы кендерди табуу үчүн геологиялык чалгындоонун алдыңкы ыкмалары киргизилет. Бул максатта ар бир региондо жерди аралыктан зонддоо сунушталат. Башкача айтканда, аэрогеофизикалык изилдөөлөр көрүнбөгөн жерлерди аныктайт. Мындай терең талдоо иштери быйыл Түндүк Балкаш жана Калба-Нарым кендеринде жүргүзүлөт. Бул сейрек кездешүүчү чийки заттарды аныктоого жардам берет, дешет тармактын адистери.

 

Ерлан Акбаров, ӨКМнин геология комитетинин төрагасы:

- Мамлекет башчысы 2026-жылга чейин изилдөө аянтын 2 миллион 200 миң чарчы чакырымга чейин жеткирүүнү тапшырды. Жер казынасын пайдаланууга инвестицияларды арттыруу максатында мамлекеттик фондду башкаруу программасына өлкөнүн пайдаланууга жарамдуу жер казынасынын бардык аймагы киргизилген. Ошентип, бүгүнкү күндө мыйзамдарда каралган чектөөлөр жана тыюу салууларды эске алуу менен жер казынасын пайдаланууга жарамдуу бардык аймак ачык. Техникалык оңдоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Азыркы учурдагы жеткиликтүү аянт 1,9 миллион чарчы чакырымды түзөт.

 

Өткөн жылы 74 жер казынасынын участоктору боюнча наркы болжол менен 3,5 миллиард теңгени түзгөн 2 аукцион өткөрүлгөн. Быйыл кулжа айынын 30на чейин кайтарылган 23 кен жайы кайра соодаланат. Мындан тышкары, 83 резервдик кен жайын аукционго чыгаруу мерчемделип жатат. Бул жаатта акыркы 5 жылда геологиялык изилдөөлөрдү мамлекеттик каржылоо 52 миллиард теңге, ал эми жер казынасын пайдалануучулардан геологиялык чалгындоо иштерине салынган инвестиция 357 миллиард теңгени түзгөнүн белгилей кетүү керек.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков