Өкмөттө Алматы шаарынын аэропортун модернизациялоонун жүрүшү каралды

Өкмөттө Алматы шаарынын аэропортун модернизациялоонун жүрүшү каралды

2050-жылга карата Алматы аэропортунун жылдык өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 55 млн жүргүнчүгө жана 500 миң тонна жүккө чейин көбөйтүү пландаштырылган. Бүгүнкү күндө аба майданы жылына 12 млн ашык жүргүнчүгө кызмат көрсөтүп, өлкөнүн аба ташуу көлөмүнүн 70% камсыздайт. Өкмөттө Алматы аэропортун жаңыртуу иштеринин жүрүшү каралды. Жалпысынан, концепцияда 3 учуу-конуу тилкесин реконструкциялоо, жүк перронунун курулушу, логистикалык жана кампа комплекстерин, жүргүнчүлөр үчүн заманбап инфраструктураны куруу каралган. Учурда ички рейстер терминалын жаңыртуу, муздан тазалоочу заманбап платформа куруу, жакын жердеги турак үйлөрдү ызы-чуудан обочолоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин бул жумуштарга 260 млн доллар инвестиция салынган. Премьер-Министр Алматы аэропорту өлкөнүн 6 шаарында курулуп жаткан бирдиктүү экосистема тизмегине кирерин белгиледи. Олжас Бектенов бул иш Мамлекет башчысынын эл аралык авиациялык хаб куруу боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу чегинде жүзөгө ашырылып жатканын кошумчалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков