Казакстанда Сауран
шаарчасынын кире бериши толук оңдоодон өттү. Бул «Батыш Кытай – Батыш Европа»
автожолунун тарыхый-археологиялык комплекске бурулган жери. Буга чейин байыркы
шаарчага жетүү үчүн 30 чакырым айланма жол менен жүрүүгө туура келчү. Жаңы жол
тилкеси тарыхый шаарга кирип-чыгууну кыйла жеңилдетет. Анын узундугу болжол
менен 2 чакырым. Курулуш учурунда колдонуудагы жол катмары фрезерленип, суу
өткөрүүчү түтүк салынды. Айланасы көрктөндүрүлүп, белгилери жана жарыктар
орнотулду. Алардын сапатына экспертиза жүргүзгөн жолчулар да стратегиялык
объекттин бардык талапка жооп берерин айтышат.
Нуржан Аширмат, Улуттук
сапат борборунун Түркестан филиалынын инженери:
- Жол курулуш
материалдарынын 55 даанасы сыноодон өткөрүлдү. Анын ичинде 13 сынама талапка ылайык келген эмес. Ушул
методиканын негизинде бөдрөтчү тарабынан ушул 13 сынама ыкмасына ылайык бардыгы
жок кылынып, калыбына келтириди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

