Казакстанда жаштар арасында интеллектуалдык оюндар
трендге айланууда. Маселен, мындан 3 жыл мурун гана башталган викторина форматындагы
«TezTap» интеллектуалдык
оюну 11 шаарда жума сайын 100гө жакын катышуучуну чогултат.
Саясат Идеят уулу казакча куиз башталгандан бери катышып
келе жаткан дассыкан, тажрыйбалуу оюнчу. Ал өзүн интеллектуалдык оюндардын
күйөрманы деп эсептейт. Анткени интеллектуалдык талаа билим мейкиндигин
кеңейтип гана тим болбостон, кызыктуу чөйрөнү жана жаңы тааныштарды да
камсыздаган бирден-бир аянтча.
Саясат Идеят уулу, TezTap оюнунун катышуучусу:
- Негизи бул жерде адамга ырахат тартуулаган нерсе бар.
Мисалы, логиканы баштайсын, суроонун жообун таба албай жатсаңда жагымдуу таасир
калтырып, тапсаң ал эки эсеге көбөйөт. Тагыраак айтканда, бир адамга бакыт
гормондору бөлүнүп чыкса, менде ал куиз кезинде болот деп ойлойм.
Нурсая Мизамбек, TezTap оюнунун катышуучусу:
- Казак интеллигенциясын ушул оюн аркылуу тааныдык.
Кызыктуу суроолор, башкача айтканда жашооңузда жумасына бир жолу кызыктуу, көңүлдүү
кылууга жана мээңизди шыктандырууга, 3-4 сатты соонун кылып өткөрүү биз үчүн эс
алуу катары, ритуал катары калыптандырат.
Уюштуруучулар ар бир сынакка кылдат даярданышат. Оюнда
берилген суроолордун мазмуну текшерилген булактардан алынганы маанилүү. Бул
жерде баары бар. Суроолор саясаттан баштап шоу-бизнеске чейин камтылган.
Дана Камзабек, TezTap интеллектуалдык
оюнунун автору:
- Пайдалуу убакыт
өткөрүүнүн түрү деп айтат элем. Анын үстүнө, интеллектуалдык контентти керектөө.
Мисалы, биздин куизге келген адамдар, андан кийин көбүрөөк байкап жүрөт.
Мисалы, кандай жаңы китептер чыгып жатат, кандай жаңы кинолор чыгып жатат деген
сыяктуу. Анткени ал куизге келип калышы мүмкүн.
Интеллектуалдык оюндарга суроо-талаптын жогорулашына
байланыштуу уюштуруучулар анын форматын тематикалык бөлүмдөргө бөлүп, оюндун
географиясын кеңейтип, масштабдуу турнирлерди уюштурууну пландаштырууда. Жаштар
арасындагы позитивдүү тенденция улуу муунга да жакты. Буга байланыштуу алдыдагы
убакытта казакча куиз 60 жаштан ашкан пенсионерлер арасында да ачышы толук
мүмкүн.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков