Франция
Казакстан менен жасалма интеллект жана санариптештирүү жаатында кызматташууга
багытталган. Астанадагы Digital Bridge форумунда өлкө сегиз жогорку
технологиялык компанияны тааныштырды. Алар өлкөнү AI чечимдерин киргизүү үчүн негизги
өнөктөш катары карашат. Транспорт тармагындагы инновацияларга өзгөчө көңүл
бурулууда. Alstom компаниясы Казакстанда локомотивдерди чыгарууну жолго коюп,
тейлөө багытын активдүү өнүктүрүүдө. Мындан тышкары, программалык камсыздоону
иштеп чыгуу көңүл борборунда.
Жером Буайе, Alstom
компаниясынын батыш жана борбор азия боюнча башкаруучу
мүдүрү:
- Бүгүнкү
күндө биз өзүбүздүн программалык камсыздообузду Казакстанда өнүктүрүп жатабыз,
анткени биз өнөр жай ишмердүүлүгүбүздүн көпчүлүгүн ушул жерде жүргүзөбүз жана
биз жасалма интеллектти колдонгон санариптик жана IT-экосистеманын бир бөлүгү
боло алганыбызга кубанычтабыз жана ошону менен биз санариптештирүүгө салым
кошуп, жаш таланттарга жардам берип жатканыбызга да кубанычтабыз.
Франциялык
башка катышуучулар бизнес жана мамлекеттик органдар үчүн адистештирилген
платформаларга басым жасашууда. Алардын максаты - ишканалардын толугу менен
санариптик чөйрөгө өтүүсүн тездетүү жана казакстандык өнөктөштөр менен узак
мөөнөттүү байланыштарды түзүү.
Шарль Шокр, Ksaar
компаниясынын өнүгүү боюнча менеджери:
- Биз кодсуз платформа
иштеп чыгуудабыз, анын жардамы менен жөнөкөй формуларларды, документтерди
түзүүгө болот, ошондой эле ири ишканалардын ишмердүүлүгүн башкарууга мүмкүндүк
берген тиркемелерди түзүүгө болот. Бул көргөзмө биз үчүн казакстандык ишканалар
менен байланыш түзүүгө сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат. Келечекте келишимдерге
кол коюу тууралуу
сүйлөшө алабыз деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

