Казакстандык ойлоп табуучу өз колу менен квадрокоптер кураштырып чыгарды. Алыстан башкарылуучу бир орундуу учуучу аппарат 120 килограмм жүк көтөрүүгө жөндөмдүү. Шымкенттин тургуну Филипп Герасимов «Келечек унаасына» үч жыл убактысын жумшаганын айтат. Ойлоп табуучунун айтымында, бүткүл Борбор Азияда бул моделдин аналогу жок. Эми ал ойлоп тапкан уникалдуу түзүлүшүн андан ары өркүндөтүүнү пландаштырууда. Жаш адис долбоорду элдин пайдасына жарай турган деңгээлге жеткирүүнү көздөйт. Коптер жөнөкөй таксини алмаштырып, тез аракет этүүчү кызматтарга жардамчы курал боло аларын айтат.
Филипп
Герасимов, Ойлоп табуучу:
- Мен аны ар
кандай тармактарда колдоно ала турган бизнес-идея катары сунуштагым келет.
Мисалы, өрт өчүрүүгө, куткаруу операцияларына, медицинада ташуу каражаты катары
колдонсо болот. Мына бул түзүмү адам отурууга ылайыкталган. Негизинен каалаган
максатта тузүлүшүн жасап койсо болот. Ал башкарууга, бөлүктөрдү алмаштырууга эч
кандай тоскоолдук кылбайт. Башкача айтканда, аны башка тузүлүшүнө көчүрүп койсо
жетиштүү. Мен бул куралым атайын кызматтарда элдин жыргалчылыгы үчүн жумшалышын
каалайм.
Автор бул
чыгармасы аны кыялына жакындатты деп эсептейт. Филипп Герасимов келечекте Марс
менен Айда жүрө турган унаа жасоону максат кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

