Казакстандык жаш ойлоп тапкычтар «акылдуу көз айнек» ойлоп тапты

Казакстандык жаш ойлоп тапкычтар «акылдуу көз айнек» ойлоп тапты

Казакстандык жаш ойлоп табуучулар көзү азиздерге арналган «акылдуу көз айнек» жасашты. Ал айланадагы кыймылды жасалма интеллекттин жардамы менен аныктайт. Уникалдуу түзүлүштү Түркестан шаарындагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучулары кураштырган. Келдибек Жангали менен Айару Калбек көз айнекке GPS системасын орнотушкан. Алдыда тоскоолдук чыкса, акылдуу система ээсине алдын ала эскертип, тегеректе эмне болуп жатканын жеткирет. Ошондой эле кыйынчылыкка кабылса, дароо Telegram тиркемеси аркылуу жакындарына кабар жиберет. 

Келдибек Жангали, окуучу: 

- Биринчи прототипти жакшыртуу үчүн экинчи прототипти распири пай  микрокомпьютери түрүндө чыгардык. Экинчи прототипти биз үч ай жайында каникулда жасап, аяк оона айында толугу менен даяр болду. 

Айару Қалбек, окуучу: 

- «Вижн АІ» бул жөн гана инновациялык долбоор эмес, азыркы учурда көзү азиз адамдардын жашоосун жеңилдеткен курал болуп саналат. Ал жасалма интеллекттин негизинде айланадагы адамдарды тааныйт. GPS аркылуу колдонуучуну багыттайт. 

Эми алар түзүлүшкө ChatGPT системасын киргизүүнү пландаштырууда. Бул мүмкүнчүлүк аркылуу көз айнек жөн гана багыт берип эле тим болбостон, колдонуучунун суроолоруна жооп берип, аны менен эркин сүйлөшө алат. Азыр ал орус тилинде иштеп жатат. Келечекте иштеп чыгуучулар кыргыз жана англис тилдерин да кошууга ниеттенүүдө. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков