Астанада казак бийлеринин мектеби тууралуу китеп тааныштырылды

Астанада казак бийлеринин мектеби тууралуу китеп тааныштырылды

Астанада казакстандык сот адилеттигинин тарыхы тууралуу китептин бет ачары болду. Автор – коп жылдык тажрыйбасы бар юрист, отставкадагы Жогорку Соттун судьясы – Омирсерик Кожабаев. Анын изилдөө эмгеги Майкыдан Абайга чейинки элдик сот адилеттигинин башатын изилдейт. Басылма үч тилде – казак, англис жана орус тилдеринде жарык көрдү жана бийлер институтун тарыхый көрүнүш катары гана эмес, элдик демократиянын жана талаа сот адилеттигинин жандуу салты катары түшүнүүгө жасалган уникалдуу аракет болуп калды. Өз китебинде Омирсерик Кожабаев көчмөн коомдун шартында чынчылдыкка жана адилеттүүлүктү терең урматтоого негизделген талаш-тартыштарды чечүү системасы кандайча иштегенин кеңири ачып берет. Толе би, Казыбек би, Айтеке би, Анет би сыяктуу көрүнүктүү инсандардын ролуна, ошондой эле Абайдын руханий мурасына өзгөчө көңүл бурулат.

Өмирсерик Кожабаев, Китептин автору:

- Абайды акын, философ, ойчул катары билишет, бирок анын юриспруденция менен алектенип, бий болгонун эч ким деле билбейт. Казак сот адилеттигинин мектеби адилеттүүлүк принциптерине таянат. Казактарда бир кезде прокурорлор болгон эмес. Полиция болгон эмес, соттор болгон эмес, бул маселелердин баарын бийлер чечишкен, ошондуктан, менимче, бийлердин мурасы прокурорлорго да, полицияга да, сотторго да, баарына пайдалуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков