Astana AI Film Festival фестивалына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды

Astana AI Film Festival фестивалына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды

Казакстанда биринчи Astana AI Film Festival эл аралык сынагына арыздарды кабыл алуу башталды. Ага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген креаторлор – командалар да, жеке авторлор да катыша алышат. Мында жаш курактык жана квалификациялык чектөөлөр жок. Ал тургай тил да маанилүү эмес – болгону англис тилинде субтитрлердин болушу керек. Катышуучуларга коюлган негизги талап – толук AI технологияларын колдонуу менен тасмаларды түзүү, мында жасалма интеллект жардамчы пост-процессинг куралы катары эмес, чыгарманы жаратуунун негизи катары кызмат кылат. Кыска метраждуу тасма 10 мүнөттөн ашпашы керек, даяр видеоматериалды сыпаттамасы менен фестиваль платформасына жүктөө зарыл. Белгилей кетсек, фестивалга катышуу үчүн aaiff.ai сайтында баш оона айынын 15не чейин катталууга болот. Ал эми иш-чаранын өзү аяк оона айынын 28нен тогуздун айынын 1не чейин өтөт. Уюштуруучулар сынакка 50дөн ашык өлкөдөн 3 миңден ашуун адам катышат деп күтүшүүдө.

 

Алмас Жали, фествалдын уюштуруучусу:

 

Биз үчүн фестивалдын алкагында үч маанилүү критерий бар. Бул сторителлинг, концепт жана синематография. Анын кандай жасалганы, көрүнүшү кандай экени, сюжети жана концепциясы эске алынат. Ушул үч критерий боюнча акыркы 25 иштен турган кыска тизме тандалат.

 

Сынак катышуучулар белгиленген мөөнөттө долбоорлорду даярдап жетиши үчүн эки бөлүмгө жана беш өзүнчө номинацияга бөлүнгөн. Эмгектерге эл аралык серепчилер, режиссёрлор, продюсерлер жана creative tech-индустриясынын өкүлдөрү баа беришет. Тандоонун жыйынтыгы боюнча эң мыкты чыгармалар аныкталат: негизги бөлүмдө 10, ачык бөлүм боюнча 15.

 

Айзатулла Хуссейн, долбоордун автору:

 

Биринчиси - тематикалык категория, анда биз креаторлор биздин фестивал үчүн атайын өз фильмдерин жаратышын каалайбыз. Алар үчүн эки жарым ай убакыт бар. Ошондой эле бизде «ачык сынак» деп аталган категория бар, анын алкагында буга чейин тартылып, башка фестивалдарга катышкан тасмалардын да катышып, көрсөтүлүшүнө мүмкүнчүлүк берилет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков