Казакстан суперкомпьютердик кластерди өнүктүрүүдө

Казакстан суперкомпьютердик кластерди өнүктүрүүдө

Секундасына 362 триллион операция. Мындай жогорку өндүрүмдүүлүк интернетке туташпай туруп, жабык циклде автономдуу иштеген биринчи казакстандык суперкомпьютер NeuroBox менен гана мүмкүн. Ошентип, өлкөнүн мамлекеттик секторлору жана ири бизнеске багытталган ата мекендик программа маалыматтык коопсуздукту толук камсыз кылат. Система бир нече тил моделдерин камтыйт. Ошондой эле белгилүү бир уюмдун милдеттерине ылайыкташа турган мазмунду түзүү куралдары бар. Суперкомпьютер реалдуу убакыт режиминде чоң көлөмдөгү маалыматтарды, документтерди талдап, текшерип, бүт процессти автоматташтырууга жөндөмдүү. Эң негизгиси маалыматтык коопсуздукту камсыз кылат. Башкача айтканда, маалыматтардын таралып кетүү коркунучун жок кылат.

Александр Пак, мультиагенттик чечимдерди жана системаларды иштеп чыгуучу компаниянын негиздөөчүсү:

– Маалыматтык коопсуздукту толук камсыз кылуу жана кошумча окутуу мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу негизги концепция болуп саналат. Аталган программалык-аппараттык комплекс өзү буйрутма берүүчүнүн жергиликтүү жабык желесине туташтырылат. Башкача айтканда, маалымат эч кайда кетпейт. Биз параметрлери 4 миллиарддан 32 миллиардга чейин жеткен 5 тилдик моделдин иштөө көрсөткүчтөрүн ишке киргиздик. Мисалы, DeepSeek, ChatGPT жана башкалар. Алардын бардыгы жергиликтүү деңгээлде сыналып, 2025-жылга чейин окутулду. Алтынчы модель - сүрөт тартуу, ал эми жетинчиси - видео жасоо үчүн керек. Эми токендер үчүн төлөйбүз. Бул жеке боксуңуз. Болгону талапка ылайыкташып, өз алдынча үйрөнөт.

Ошону менен бирге казакстандык чыгармачылыктын жаңы багыттары өнүгүп жатат. Ал кубаттуу суперкомпьютер, жеке платформалар жана робототехника менен жасалма интеллект-агенттерди түзүүгө арналган. Системанын базасында музейлер, аэропорттор жана кампалар үчүн иштелип чыккан алгоритмдер роботторго киргизилмекчи. Алар адамдар менен баарлашып, мейкиндикте багыт алып, колдонмо тапшырмаларды аткара алышат. Жакынкы арада бул инновациялык ата мекендик долбоорлорду эл аралык рынокко чыгаруу пландалууда. Учурда өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Төлеген Омарбеков, мультиагенттик чечимдер менен системаларды иштеп чыгуучу компаниянын негиздөөчүсү:

– Бүгүнкү күндө эсептөө кубаттуулугу боюнча суперкомпьютерлердин жоктугунан улам мындай жабдуулар абдан зарыл. Бардык талаптарды канааттандырарлык программалык камсыздоо бар. Биз жер казынасын пайдалануучулар жана каржы сектору үчүн кызыктуу болгон жаңы өнүмдөрдү жасадык. Биз бул долбоорлорду эл аралык рынокко чыгарууну көздөп жатабыз. Жакында биздин дагы бир ойлоп табуубуз көпчүлүккө тааныштырылат. Нейтандын окшоштугун даярдап койдук. Бул жасалма интеллект агенттерин түзүүгө арналган платформа.

Бүгүнкү күндө Казакстан суперкомпьютерден робототехникага чейин жасалма интеллекттин улуттук экосистемасын куруп жатат. Ата мекендик өнүгүүлөр өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын бекемдеп, AI тармагындагы позициясын бекемдейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков