Жаш казакстандык IELTS экзаменинен дүйнөлүк рекорд койду

Жаш казакстандык IELTS экзаменинен дүйнөлүк рекорд койду

17 жаштагы Алматылык мектеп окуучусу дүйнөлүк рекорд койду. Сая Кыдырали англис тили боюнча IELTS эл аралык сынакта эң жогорку 9 упай чогултту. Расмий статистикага ылайык, бул натыйжага тапшыруучулардын  0,5% гана жетише алат. Ал 6 жашынан баштап чет тилин үйрөнө баштаган. Ал эми 9 жашынан баштап ыктыярчы катары англис тилинен сабак берген. Ошол кезде Казакстанда Kids Club ачып, 10 жашында чоңдор үчүн тил үйрөтүү курстарын түздү. Сая ушул убакка чейин АКШда болгон эмес жана Англияга да барган эмес. FLEX грантын утуп алгандан кийин да, ал чет өлкөгө баруудан баш тарткан. Азыр анын мектебинде 3 миң адам окуйт.

Сая Кыдырали, окуучу:

- Көптөр мени Сая деп аташат, мен сиздердин мугалимиңиздермин, ошондуктан мени Сая айым деп атоолоруң керек деп айтам. Англис тилимди текшерүү үчүн алгачкы жолу 11 жашымда биринчи Айлтс тестин тапшырдым.

Елена Таран, мектептин окуу ишинин жетекчиси:

- Жогорку муун окуучуларынын түшүнүксүз татаал темаларга туш болушат. Бул учурда биз Саянын жардамына кайрылабыз. Ошол учурлар эсимде. Ал класска киргенде, жаш кызды көпчүлүк ишенбестик менен тосуп алышты. Бирок, сабактын аягында алар бул ойлорун  өзгөртүшөт.

Саянын алдыдагы кыял-максаттары чоң. Бүгүнкү күндө ал британ Кеңешинин жигердүү өнөктөшү. Келечекте ELTS экзаменине даярдануу боюнча дүйнөдөгү эң ири борборду түзүүнү мерчемдеөөдө. Айына кеминде бир миллион адамды окутсам дейт ал.

Которгон: Илгиз Жамалбеков