Түркмөнстанда жаштар арасында робототехника боюнча сынак өттү

Түркмөнстанда жаштар арасында робототехника боюнча сынак өттү

Ашхабадда жаштар арасында робототехника боюнча мелдеш өттү. Ал Түркмөнстан боюнча 250дөн ашык таланттуу конструкторлорду бириктирди. Эң жаш катышуучу болгону 7 жашта. Алар жаш категориясына жана тапшырманын татаалдыгына карабастан, конструкциялоо, программалоо жана инновациялык технологиялар боюнча өз жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Фестивалга төрт негизги категориядагы мелдештер кирди: сумо роботтору, лайнфолловерлер, лабиринт, командалык долбоорлор. Серепчилер белгилегендей, фестиваль жаш инженерлер үчүн маанилүү окуя болуп саналат, алар өздөрүн таанытып гана тим болбостон, бул жаатта өнүгүүсүн уланта алышат.  Мындан тышкары, иш-чаралар абдан дымактуу технологиялык маселелерди чечүүгө жөндөмдүү кесипкөй адистердин бир жаңы толкуну пайда болуусуна түрткү берет.


Мерген Аманов, Эл аралык мунай-газ университетинин инновациялык изилдөө борборунун адиси:


- Жаштар арасында, мектеп окуучуларынын арасында жылдан жылга робототехнологияга жана албетте, жасалма интеллектке болгон кызыгуу өсүүдө. Фестиваль бардык катышуучулар үчүн, биринчи кезекте, тажрыйба алмашуу үчүн жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алуу үчүн аянтча болуп калды.


Мекке Реджепов, МУНИГ университетинин технология жана кибер коопсуздук факультетинин студенти:


- Командалык түрдө үчөөбүз катышканбыз. Биз 22 секунд убакыт менен 3-орунду ээледик. Роботту эки жума бою даярдадык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков