360 илимий долбоорлор, 9 миңден ашык басылма жана 500дөн ашык стартаптар. Мындай иштерди акыркы 13 жылда Борбордук Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы жогорку билим, изилдөө жана инновация борборлорунун бири – Назарбаев Университети ишке ашырып келет. Университет КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы 2ликке кирүү максатын көздөйт. Өкмөт башчы университетти, ошондой эле Назарбаев интеллектуалдык мектептерин жана технопаркты өнүктүрүү пландары менен таанышты. Анда Олжас Бектеновго саламаттыкты сактоо жана интеллектти өнүктүрүү, тоо-кен жана металлургия тармагындагы жетишкендиктер тааныштырылды. Айта кетсек, бардык чечимдер, соодалаштырууда жана сырткы рынокторго экспорттолууда. Натыйжалуулугу үчүн алар градациядан өтүшөт. Алардын арасында 10 өлкөнүн мектеп окуучулары колдонгон Codiplay долбоору ийгиликтүү болду. Пайдалуу кендерди иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Smartview Innovation жана стент менен катетер чыгаруу боюнча медициналык стартап бар. Ошондой эле, Премьер-министрге коммерциялык дарамети бар 10 жаңы иштеп чыгуулар тааныштырылды. Жалпысынан технопарктын аймагында 32 казакстандык компания, тажрыйба-эксперименталдык цех, санариптик прототиптөө лабораториясы иштейт. Аларга атайын экономикалык зона режиминин мүмкүнчүлүктөрү берилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

