Касым-Жомарт Токаев илим кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев илим кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Окумуштуулар күнүнүн алдында мамлекет башчысы казакстандык окумуштууларды куттуктады. Салтанаттуу иш-чара бүгүн Акордада өттү. Казакстандын президенти өнүгүү доорунда илимий капитал ар бир өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркынын башкы өлчөмүнө айланганын белгиледи. Ошондуктан тармакты системалуу колдоо улантылат. Акыркы беш жылда илимди каржылоо көлөмү алты эсеге өстү. Өлкөдө изилдөө университеттеринин саны көбөйүүдө. Илимий долбоорлорго инвестиция салган бизнес өкүлдөрүнө салык жеңилдиктери берилип, жаш окумуштууларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Таланттуу жана талапкер жарандар келечекте улуттун шамчырагына айланат. Алар Каныш Сатпаев сыяктуу залкар инсандардын жолун улантат. Ошондуктан жаш изилдөөчүлөргө камкор болушубуз керек. Учурда 600дөн ашуун жаш окумуштуу турак жай менен камсыз болду. Мындан тышкары, аларга атайын гранттар бөлүнүүдө. Жыл сайын жаш изилдөөчүлөр дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлоруна барып, тажрыйба топтоп, билим алып жүрүшөт. Ушундай конкреттүү чаралар алдыда дагы улантылат.

Мамлекет башчысы илимий дареметти натыйжалуу пайдаланууга да көңүл бурду. Окумуштуулардын бардык жаңылыктары конкреттүү натыйжа берип, өндүрүшкө киргизилиши керек. Өкмөт бул процессти көз жаздымда калтырбашы керек, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Азыртадан эле окумуштуулар менен сыймыктанарын кошумчалады. Казакстандык окумуштуулар фундаменталдык жаңылыктарды ачып, ата мекендик университеттер технологиялык хабга айланууда. Былтыр Жүрөк борборунун дарыгерлери ALEM деп аталган инновациялык медициналык жабдууну ойлоп табышты. Ал донордук органдардын жашоого жөндөмдүүлүгүн 24 сааттан ашык сактоого мүмкүндүк берет. Эми квалификациялуу инженердик-техникалык кадрларды даярдоого басым жасоо зарыл, деди Президент.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Университеттер өз миссиясын ак ниеттүүлүк менен аткарса, квалификациялуу адистердин жана кесипкөй кадрлардын саны көбөйөрү шексиз. Мындан тышкары, илим шаарчаларына жана тез өнүгүп жаткан шаарларга жаңы технологияларды киргизүүнү жолго коюшубуз керек. Азыр Курчатов шаарына илим шаарчасы макамын берүү үчүн конкреттүү иштер жүргүзүлүп жатат. Инвесторлорду ушундай өнүгүү борборлоруна каражат салууга үндөө зарыл. Бул дагы – Өкмөттүн актуалдуу милдеттеринин бири.

Белгилей кетсек, илимди өнүктүрүү жаңы Конституциянын артыкчылыктарынын бири катары бекитилет. Жаңычылдык жолунда өткөндүн үлгүсүн унутпаган оң. Касым-Жомарт Токаев улуу ойчулдар Кожо Ахмет Ясави менен Аль-Фарабинин эмгектерин изилдөө зарылдыгын белгиледи. Алардын урматына Казакстанда жаңы мамлекеттик сыйлыктар - «Аль-Фараби» жана «Кожо Ахмет Ясави» ордендери пайда болот. Бул сыйлыктар билим жана илим, маданият жана руханият тармагында зор ийгиликтерге жетишкен жарандарга берилет. Республика күнүнүн алдында биринчи жолу «Мээрим», «Кожо Ахмед Ясави» жана «Аль-Фараби» ордендери тапшырылат. Бүгүн Президенттин колунан изилдөөчүлөр, профессорлор, иштеп чыгуучулар жогорку мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Ал эми таланттуу жаш окумуштууларга кесиптик майрамдын алдында батирдин ачкычы тапшырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков