ШКУ: илим жана билим кызматташтыгы кеңейет

ШКУнун өлкөлөрүнүн окумуштуулары биргелешкен долбоорлорду түзүшөт. Аталган уюм быйыл биринчи жолу илим өкүлдөрүнө атайын гранттарды ыйгарууну баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн өнөр жай министри “Жогорку билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоо багытындагы кызматташтык” аттуу симпозиумунда билдирди.  Эл аралык иш-чара ШКУнун саммитинин алкагында уюштурулду. Саясат Нурбектин айтымында, келечекте эл аралык биргелешкен лабораторияларды түзүү мерчемделген. Мындан тышкары өлкөдө бир катар чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын филиалдары ачылат. Алардын арасында Бээжин тил жана маданият университети, Гонконг шаардык университети жана экинчи Лу Бань чеберканасы бар. 

Саясат Нурбек, илим жана жогорку билим берүү министри: 

- Кытай мамлекети биз үчүн атайын чечим кабыл алды. Алар ар бир өлкөдө бир гана чеберкана ачууга уруксат беришет. Ал эми биздин алдыңкы мамлекеттик жана улуттук университеттердин базасында атайын кафедралар ачылат. Эми биздин студенттерге экинчи чет тили катары кытай тили сунушталат. Бул эмне үчүн маанилүү? Кытай биздин чоң коңшубуз соода, саясат жана экономика жагынан да Кытайды түшүнүшүбүз керек. 

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө “ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташуу” китебинин бет ачары болду. Аты айтып тургандай фундаменталдык иштерге уюмга кирген өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринин жетишкендиктери камтылган. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков