Улуттук гвардиянын атайын операциялык отряддары жана
бөлүмдөрү душмандын колуна өткөн Капчагай ГЭСин бошотушту. Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин бөлүмдөрү техногендик кырсыктын кесепеттерин жоюп, элге
гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасын аткарышты. Мындай тапшырма
куткаруучулар менен атайын багыттагы күчтөрдүн алдына «Батыл Тойтарыс-2023»
стратегиялык командалык-штабдык аскердик машыгуусунда коюлду. Окуу-машыгуу
Казакстандын президенти, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Касым-Жомарт
Токаевдин жетекчилиги астында өттү. Десанттык-чабуул тобу аскер-аба күчтөрүнүн
колдоосу менен кургактагы аскерлер жана атайын операциялык күчтөрдүн бөлүмдөрү
менен бирдикте душмандын чек арасын басып алуу боюнча тактикалык аракеттерди
иштеп чыгышты. Мамлекет башчысы аскердик даярдыктын деңгээлин жогору баалап,
мындай машыгууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Бүгүнкү
күндө дүйнөлүк коргонуу системасында масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатат.
Заманбап согуштун ыкмалары да ар түрдүү, өзгөчө согуштун гибриддик түрлөрү
жайылууда. Чабуулдар аскердик гана эмес, маалыматтык, психологиялык, саясий,
экономикалык жана башка болушу мүмкүн. Ошондуктан, Казакстандын армиясы
кандай гана чакырык болбосун даяр болушу керек. Заманбап жана тажрыйбалуу
армияга коюлган негизги талап ушул. Биздин бир гана мекенибиз бар. Ал
Казакстан. Өлкөбүздүн, жерибиздин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу,
аларды коргоо – баарыбыздын ыйык милдетибиз!
Президенттин айтымында, Казакстандын армиясы жогорку
кесипкөй, мобилдүү жана эң татаал күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга даяр болушу
керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Бул үчүн армияны жогорку технологиялык куралдар жана
жогорку сапаттагы аскердик техника менен жабдуу, ок-дарылар менен толук камсыз
кылуу өтө маанилүү. Жакында эле мен өзүмдүн кайрылуумда жергиликтүү өнүмдүн үлүшү
жогору болгон өндүрүш циклин түзүүгө чакырдым. Брондолгон унаалар, учкучсуз
учуучу аппараттар, заманбап ок атуучу куралдар – мунун баарын өзүбүз чыгара
алабыз. Жалпысынан коргонуу-өнөр жай комплекси биздин армиянын күжүрмөн
жөндөмдүүлүгүнүн ишенимдүү таянычы болууга тийиш.
Мындан тышкары, ушундай эле машыгуу жана күжүрмөн
тапшырмалар Алматы, Караганды, Түндүк Казакстан жана Абай облустарындагы
полигондордо аткарылды. Ага жалпысынан 8 миң аскер кызматкери тартылып, 600
аскердик техника жана курал колдонулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков