Астана Казакстандагы жасалма интеллектти өнүктүрүү келечеги талкууланды

Астана Казакстандагы жасалма интеллектти өнүктүрүү келечеги талкууланды

Жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн келечеги, аны жөнгө салуунун маанилүүлүгү жана нейрон тармактарын колдонуунун этикалык аспектилери Астанада серепчилери тарабынан талкууланды. Иш-чарага казак жана француз адистери катышты. Жолугушууда Парижде өткөн жасалма интеллект боюнча эл аралык саммиттин жыйынтыгы жана бул багыттагы эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы тууралуу сөз болду. Атап айтканда, Alem.AI эл аралык борборунун алкагында Tomorrow School  долбоорун ишке ашырууда. Акыркысы француз билим берүү платформасынын негизинде алдын ала программалоо көндүмдөрү жок болсо да, жасалма интеллект тармагында акысыз окууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.  Франциянын Казакстандагы элчиси Сильван ГиОгенин айтымында, бул демилге эки өлкөнүн академиялык байланыштарын чыңдоонун үлгүсү болуп саналат.

Сильван Гиоге, Франциянын Казакстандагы элчиси:

- Француз компаниялары академиялык деңгээли жогору болгон казакстандык студенттерге кызыгып жатышат. Кошумчалай кетсек, француз компаниялары Казакстанга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат, анткени сиздерде мамлекеттик деңгээлде инвестициялык саясат бар жана жасалма интеллект олуттуу инвестицияны талап кылат. Казакстан өзүнүн илимий-билим берүү базасы, өнөр жайы, ошондой эле Астананын тез өнүгүшү менен инвестиция үчүн тартымдуу өлкө болуп саналат.

Каныш Тулеушин, Санариптик өнүкүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөржай министрлигинин вице-министри:

- Казакстан үчүн Парижде өткөн жана келерки жылы дагы өтө турган жасалма интеллект саммитине катышуу гана эмес, ошондой эле Жасалма интеллект боюнча глобалдык өнөктөштүккө катышуу маанилүү. Бул платформада биз идеяларды, тажрыйбаларды жана жөнгө салуу ыкмаларын алмаша алабыз. Казакстан учурда жасалма интеллект мыйзамын иштеп чыгып жаткандыктан, этикалык түрдө жана туруктуу өнүгүү үчүн жасалма интеллект технологияларын илгерилетүү боюнча дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды эске алуу маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков