Өкмөттө Казакстандагы туризмди өнүктүрүү маселеси каралды

Өкмөттө Казакстандагы туризмди өнүктүрүү маселеси каралды

Туризм Казакстандын экономикалык өсүшүнүн маанилүү багыттарынын бирине айланууда. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, бул тармактын ИДӨгө  кошкон салымы 5 триллион теңгеге жетти, ал эми салыктык кирешелер 630 миллиарддан ашты. Чет элдик коноктор өлкөгө дээрлик 3 миллиард доллар калтырышты, бул Казакстандын туристтик багыттарына болгон кызыгуунун өсүп жатканын тастыктайт. Туристтердин агымынын көбөйүшү менен, өткөн жылы Казакстанга 15 миллиондон ашуун чет элдик саякатчы келди. Инвестициялык активдүүлүк да өсүүдө. Учурда өлкөдө жалпы наркы 1 триллион 300 миллиард теңгеге жакын туризм тармагында 300дөн ашуун долбоор ишке ашырылууда. Алар эл аралык деңгээлдеги мейманканаларды курууну, курорттук зоналарды, транспорттук жана сервисдик инфраструктураны өнүктүрүүнү камтыйт. Экологиялык туризмге өзгөчө көңүл бурулат. Мисалы, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, Казакстандын улуттук парктарына эле 3,7 миллион адам келген. Ошондой эле иш-чаралар жана бизнес туризми өзгөчө көңүл борборунда. Алар конокторду тартуу менен чектелбестен, жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактардын жана чакан ишкердиктин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.


Ербол Мырзабосынов, Казакстан Республикасынын туризм жана спорт министри:

Конгресс-ишкердик туризми экспорттук дарамети жогору багыттардын бири болуп саналат. Өткөн жылы өлкөдө 13 эл аралык иш-чара өткөрүлүп, экономикага болжол менен 18 миллион АКШ доллары киреше алып келген. Медициналык туризм тармактын өсүшүнө өбөлгө түзгөн келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Казакстандын негизги артыкчылыгы – көрсөтүлүүчү кызматтардын жогорку сапатынын жана алардын жеткиликтүү баасынын айкалышы. Өткөн жылы Казакстанга 80 миңге жакын чет элдик бейтап келген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков