Астанада өткөн биргелешкен бизнес форумдун жыйынтыгында
Казакстан менен Италия 180 миллион евролук 10 меморандумга кол коюшту. Тараптар
унаа куруу, мунай химиясы, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, металлургия, логистикалык
жараяндарды санариптештирүү тармактарында кызматташууну күчөтүүнү макулдашты. Келишимдерде
өлкөнүн аймагында биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү каралган. Аталган ишканалардын
өнүмдөрү Кытайдын, Евробиримдиктин жана Борбор Азиянын рынокторуна сатылары
күтүлүүдө. Форумдун алкагында эки тараптуу сооданы
чыңдоо боюнча демилгелер да айтылды. Анын 2024-жылга карата көрсөткүчтөрү
төрттөн бирге
өстү. Бул
көрсөткүч дагы да өсөт,
деп белгиленди
форумда.
Айтмухамет
Алдажаров, «KAZTRADE»
соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү:
- Биз
азыр «KAZtrade» катары «Италияда жасалган» демилгеси менен чыгууну каалайбыз. Бул
өнүмдөр италиялык рыноктордо жакшы кабыл алынат. 2024-жылы өлкөлөрүбүздүн
ортосундагы товар жүгүртүү 19 миллиард. Өткөн жылы биз негизинен салтууу
ресурстарыбыз чийки зат, мунай, дан, ундун катырылган түрлөрүн экспорттодук. Импорт
негизинен унаа куруу болуп саналат.
Казак-италиялык өнөктөштүк эки жактуу мамилелердин өз ара
пайдага гана эмес, технологиялык алмашууга, ошондой эле глобалдык чакырыктарга
ылайык экономикалык стратегияларды координациялоого негизделген жаңы барагын
ачарын белгилешти.
Антонелло
Де Риу, Италиянын Казакстандагы элчиси:
- Бул
күн биз үчүн абдан маанилүү. Бүгүн түрдүү тармактарда бир катар меморандумдарга
кол коюлду. Бул мунай-газ жана мунай-химия тармагындагы өнөктөштүк тууралуу
гана эмес. Ошондой эле биз үчүн суу ресурстарын башкаруу тармагында жана айыл
чарба чөйрөсүндө да кызматташууну күчөтүү маанилүү. Биз жогорку сапат
стандарттарына жооп берген Казакстандын айыл чарба өнүмдөрүн ири көлөмдө сатып
алууну улантууну көздөп жатабыз. Италия биздин эки тараптуу сооданы өнүктүрүү
үчүн тартымдуу шарттарды түзүүнү көздөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

