Аналитикалык
AI сервистеринен баштап, маркетплейстер, бизнес жана юридикалык кызматтар үчүн
платформаларга чейин. Astana Hubда Market Entry Accelerator программасынын Demo
Day иш-чарасы болуп өттү. Бул – Борбордук Азиянын бирдиктүү санариптик
мейкиндигин өнүктүрүү боюнча Казакстан менен Өзбекстандын биргелешкен демилгеси.
Коңшу өлкөдөн келген катышуучулар өз өнүмдөрүн тартуулашты. Эки айдын ичинде он өзбек
стартапы казакстандык рынокто өз чечимдерин сынап, санариптик өнүмдөрүн ылайыкташтырып, алгачкы
сатууларын ишке ашырышты. Борбор калаадагы технопаркта казакстандык командалар
да азыр Өзбекстанда ушундай эле программадан өтүп жатканын түшүндүрүштү. Бул
долбоорлорду масштабдоо үчүн шарттарды түзүп, аймактын өлкөлөрүнүн
технологиялык кызматташтыгын бекемдейт.
Ербол Ахметов, Astana Hub
бизнес-программалар кеңсесинин мүдүрү:
- Эки тараптын макулдугу менен биз Өзбекстандан
келген стартаптар үчүн Казакстанга Market Entry кылууну чечтик, алар биздин
рынокко чыгып, өздөрүнүн өнүмдөрүн текшерип, ылайыкташтыра алышат. Ошол эле
нерсе Өзбекстандын IT-паркы тарабынан дагы жасалды. Алар дагы Казакстандан
келген 10 стартап-долбоорду кабыл алышты, алар азыр Өзбекстанда өз долбоорлорун
сынап, рынокту изилдеп жатышат. Бизде Өзбекстандан гана эмес, стартаптарга
багытталган программалар бар. Бизге Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан,
Монголиядан, Азербайжандан стартаптар келишет.
Demo Day иш-чарасынын
негизги катышуучуларынын бири "Tuzuk" юридикалык жасалма интеллект
платформасы болду. Кыска убакыттын ичинде сервис өзбек рыногунда көрүнүктүү
оюнчуга айланды. Өнүмдү миңдеген
юристтер жана компаниялар колдонушат. Андан тышкары, платформанын универсалдуу
алгоритми чечимди каалаган өлкөгө масштабдоого мүмкүндүк берет. Мисалы, команда
системага Казакстандын мыйзамдык базасын киргизген. Бул келечекте системанын
Борбордук Азиянын бир нече юрисдикциясында бир эле учурда иштешине мүмкүндүк
берет.
Аскар
Жуманов, (Phd) Tuzuk Ai платформасынын негиздөөчүсү:
- Өзбекстанда юридикалык кызмат көрсөтүү рыногу болжол менен 100 миллион долларды түзсө, Казакстандын рыногу андан 2,5 эсе чоң. Ошондуктан, башка өлкөлөргө салыштырмалуу, албетте, Legal Tech үчүн Казакстан абдан тартымдуу деп эсептелет. Биздин көз карашыбыз мындай - биз бүткүл Борбордук Азия рыногун камтып, башка өлкөлөргө дагы чыгуу. Кийинки кирүүгө ыңгайлуу өлкөлөр бизге эң жакын кошуналарыбыз – Орусия, Азербайжан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

