Мажилис «Почта тууралуу» мыйзамга кигизилген түзөтүүлөрдү кабыл алды

Мажилис «Почта тууралуу» мыйзамга кигизилген түзөтүүлөрдү кабыл алды

Казакстанда почта байланышынын эрежелери мыйзам деңгээлинде өркүндөтүлөт. Өзгөртүүлөр кагаз каттарды жеткирүүнүн кыскарышына жана Улуттук почта тармагынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна байланыштуу. Мажилис тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды. Ошентип, почта жеткирүү жол-жоболору жана механизмдери мезгилге жараша өзгөрүп жатат.Тиешелүү пин-код же QR-код болгон учурда аларды үчүнчү жактар кабыл алуу мүмкүндүгү түзүлөт. Бул аны почта бөлүмүнө жана үйгө жеткирүүнү жеңилдетет. Документте почта жашиктерин алмаштыруучу постаматтарды орнотуу да каралган. Мындан тышкары, эскирген жана талап кылынбаган кызматтар алынып салынат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казпочта 1800дөн ашык бөлүмдөрү бар айыл жерлеринде колдонулат.

Асел Жанасова, «Казпочта» АК башкарма төрагасы:

- Эгерде өткөн жылы жүктөрдүн саны 38% га көбөйсө, быйылкы жылдын 10 айында бул көрсөткүч 28% га жеткен. Эң кызыгы, буйрутмалардын көбү айыл жерлеринен түшөт. Бүгүнкү күндө дээрлик жарымы калктуу конуштарга кетип жатат. Биз дүйнөлүк маркет-плейстер менен активдүү иштешип жатабыз. Жарандар аны каалаган жеринен сатып алып, өз убагында алышы үчүн биз кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурабыз. Ошондой эле ушул жылдан тартып биз КМШнын 9 өлкөсүнө транзиттик ташуу кызматтарын көрсөтө баштадык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков