Жасалма интеллект согуш ардагери тууралуу китеп жазды

Жасалма интеллект согуш ардагери тууралуу китеп  жазды

Казакстанда жасалма интеллекттин жардамы менен жазылган китептин бет ачары болду. Жетису аймагында туулган, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Искак Абилпейис уулу тууралуу «BATYR MAN» аттуу эскерүү жыйнагы жарык көрдү. Китепте ардагердин эрдиги жана тагдыры баяндалат. Жасалма интеллект тарыхый маалыматтарды иштеп чыгууга, көркөм образдарды жана визуалдык элементтерди түзүүгө жардам берди. Уюштуруучулар долбоор окууга болгон кызыгууну арттырууга багытталганын айтышат.

Мирас Сейткали, «Жетису жаштары» КММ маалыматтык колдоо жана PR бөлүмүнүн башчысы:

- Азыркы жаштар көбүнчө китеп окубайт. Максатыбыз жаштардын тилинде заманбап жасалма интеллект аркылуу жеткирүү. Албетте, жасалма интеллект болгондон кийин кичинекей көйгөйлөр пайда болот. Адам эмес болгондой кийин жөнөкөй нерсе эмес. Бизге жардам берип жаткан кыргызстандык боордошторубуз да бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков