Казакстандык иштеп чыгуучулар жаңы муундагы пилотсуз
учуучу аппаратты көрсөтүштү. Дрон жасалма интеллект системасы менен жабдылган
жана учуучу тапшырмаларын өз алдынча аткарууга, айлана-чөйрөнү талдоого жана
реалдуу убакыт режиминде чечим кабыл алууга жөндөмдүү. Долбоор аймактык
мониторинг, автономдуу навигация жана робототехника тармактарында колдонуу
пландаштырылууда. Бул долбоор Казакстандын бардык аймактарынан стартаптарды
тарткан DeepTech Bäige сынагында биринчи орунду ээледи. Катышуучулар медицина,
энергетика, айыл чарба жана санарип технология тармактарындагы чечимдерди
сунушташты.
Абзал Дарибаев, «Astana Business Campus» инновациялар
боюнча башкаруучу мүдүрү:
– Иш-чара чакан долбоорлорду колдоого багытталган. Биз 200 долбоордун ичинен эң мыкты 10 долбоорду тандап алдык. Биздин колдообуз муну менен эле токтоп калбайт. Эң мыкты долбоорлорду колдоону улантабыз. Бул сынак алар үчүн башталыш болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

