Казакстандын президенти орто билим берүү системасына жасалма интеллектти
киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Документке ылайык, өкмөт теке айынын 1не
чейин 2029-жылга чейинки комплекстүү планды бекитиши керек. Ал жекелештирилген
окутуу механизмин, санариптик инфраструктураны, педагогикалык кадрларды
даярдоону, окуучулардын жеке маалыматтарын коргоону камтышы керек. Баш оона
айынын 1не чейин пилоттук долбоорго катышкан мектептер керектүү техника жана
туруктуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалышы зарыл. Жарлыкта шаардык
жана айылдык мектептердин ортосундагы билим берүү сапатындагы ажырымды
кыскартуу максатында жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү, президенттин
штаттан тышкаркы кеңешчиси, Sinovation Ventures компаниясынын башчысы жана Оу Уан дот Эй-Ай Ли Кай Фунун
сунуштарын практикалык иште колдонуу каралган. Аяк оона айынын 1не чейин
өлкөнүн орто билим берүү системасында жасалма интеллектти колдонуу
стандарттарын бекитүү керек.
Ли
Кай-Фу, Sinovation
Ventures жана 01.AI компанияларынын башкы мүдүрү:
– Мен
өлкөнүн билим берүү тармагындагы, жогорку жана мектептик билим берүүдөгү бардык аракеттерин белгиледим. Ишке ашырууга мүмкүн болгон дагы бир нече демилгелерди сунуштадым. Эгерде бул ишке ашса, мен өзүм бул боюнча иштегени келем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

