Жасалма интеллект Астана эл аралык форумунун көңүл чордонунда

Жасалма интеллект Астана эл аралык форумунун көңүл чордонунда

Эртең Казакстандын борборунда Эл аралык Астана форуму башталат. Анын негизги темаларынын бири – жасалма интеллект. Иш-чарада катышуучулар заманбап Алатау шаарын өнүктүрүү жана каржылык технологияларды колдонуу маселелерин талкуулоону көздөшүүдө. Өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги катышуучуларга Борбор Азиядагы санариптик хабдын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырмакчы.

Сырым Сатанов, Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмос өнөржай министрлигинин инвестициялар боюнча башкарма жетекчиси:

- Негизги максат – катышуучуларды тартуу.  Казакстанда санариптик технологияларды өнүктүрүү келечектүү багыттардын бири экенин айткыбыз келет. Биз кызыкдар тараптарды түздөн-түз тартуу үчүн суроолорго жооп беребиз. Биз дагы замандын талабына жооп берип жатканыбызды көрсөтүшүбүз керек. Улуттук жасалма интеллект борборун түзүү тууралуу сөз кыла турган болсок, бул бир гана Казакстан үчүн дегенди билдирбейт. Негизи Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында технологиялык лидер катары таанылат деп ойлойм. Бул жалпы аймактын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамлабеков