«Орто кылымдагы Казакстан тарыхы» илимий-изилдөө борбору түзүлөт

«Орто кылымдагы Казакстан тарыхы» илимий-изилдөө борбору түзүлөт

Өлкөдө «Орто кылымдагы Казакстан тарыхы» илимий борборун түзүү көздөлүп жатат. Ал III-XVIII доорлорду камтыган мезгилдердеги казак тарыхын талдоо менен алектенет. Бул максатта чет өлкөлүк архивдердин, музейлердин жана китепканалардын документтерин кайрадан тактоо мерчемделүүдө. Ошондуктан араб, фарс, чагатай, байыркы хансу, монгол жазууларын түп нускадан которо алган квалификациялуу адистер тартылат. Башкача айтканда, жаңы борбор Казакстандын тарыхына байланыштуу маалыматтарды чогултуу үчүн чет өлкөлөргө сапарларды уюштуруп, ата мекендик илимпоздорго сейрек кездешүүчү кол жазмаларды терең изилдөөгө мүмкүндүк берет. Муну менен катар табылган бардык баалуу маалыматтар менен экспонаттар илимий жүгүртүүгө киргизилгенге чейинки иштерди толук координациялайт.  

Өмирбай Бекмагамбетов, ЕУУнун тарых факультетинин деканы:

- Буга чейин эле «Маданий мурас» программасы болду, көптөгөн байыркы кол жазмалар алынып келинди. Азыр маалымат мейкиндигинин заманы. Учурда бул эл аралык деңгээлдеги ар бир китепкана, музейлердин порталдарына кирип, каталогдорун карап, библиографиялык көрсөткүчтөрдү даярдап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков