Өзбекстанда Казакстан жана Кыргызстан менен чектешкен өлкөнүн чыгышында жайгашкан эң ири Пахтакор мөңгүсү изилденүүдө. 2023-жылдан баштап үч экспедиция уюштурулган. Мисалы, эки экспедициянын жыйынтыгында мөңгүнүн өзүнүн жана кар катмарынын массасы 3 метрге азайганы белгилүү болду, ал эми кайталап өлчөөлөр анын дагы 30 см эригенин көрсөттү. Быйыл үчүнчү экспедиция болду. Изилдөөчүлөр биринчи жолу кар топтолгон аймакка чыгышты. Анын калыңдыгын өлчөшкөндө эки жерде болгону 110 см жана 80 см жаан-чачын түшкөнү аныкталды. Адистердин айтымында, бул өтө аз. Орточо эсеп менен тоолуу аймактарда жыл ичинде кар катмарынын бийиктиги 2,5-3 метрге жетиши керек.
Ферузжон Очилдиев, Улуттук
изилдөө университетинин «Ташкент ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо
инженерлери институтунун» докторанты:
- Мен Германия менен
биргеликте уюштурулган экспедицияга биринчи жолу катыштым. Климаттын өзгөрүшү
Пахтакор мөңгүсүнө кандай таасир эткенин өз көзүм менен көрдүм. Бир жылдын ичинде мөңгү 3
метрден ашык эрип кетти. Бул кооптондурган көрсөткүч. Мөңгүлөр – таза суунун
запасы, алардын тез эриши бул жашоо үчүн маанилүү ресурсту үнөмдөө зарылдыгын
билдирет. Кийинки жылы абал кандай өзгөрөрүн билүү үчүн жаңы рейкаларды
орноттук.
Өзбекстандын
мөңгүлөрү экосистемада маанилүү роль ойнойт. Алар аймактагы жалпы агымдын 25%га
чейин камсыздай алат. Пахтакорго жасалган экспедициялардын жүрүшүндө
температураны, нымдуулукту, жаан-чачынды жана шамалдын багытын тынымсыз
көзөмөлдөө үчүн автоматтык метеостанция орнотулган. Бардык чогултулган
маалыматтар Борбордук Азия үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөнүн окумуштуулары үчүн
да баалуу. Алар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча илимий
чечимдерди иштеп чыгууда пайдалуу болот.
Которгон: Назира Бегалиева

