Астанада медицина, билим берүү, Deep Tech жана жасалма интеллект
тармактарында 16 технологиялык чечимдер сунушталды. Борбор калаада жаш
стартаптарды колдоого багытталган бизнес-инкубация программасынын акыркы этабы
болгон NURIS Demo Day өттү. Алардын арасында уникалдуу AI-платформасы Math Galaxy
бар. Сервис компьютердик көрүү технологияларын да, AI мүмкүнчүлүктөрүн да
колдонуп, мугалимдер жана окутуучулар үчүн жардамчы болуп саналат. Атайын
алгоритмдердин жардамы менен ал окуучулардын жана студенттердин колго жазылган
экзамендик жана контролдук иштерин текшерет. Авторлордун айтымында, система
казак жана орус тилдериндеги тексттерди заматта таанып, каталарды аныктап, ошол
эле учурда мугалимдердин чыныгы бааларына 99% дал келет. Иштеп чыгуучулар
мындай чечим мугалимдердин жүктөмүн азайтууга гана эмес, окутууну
жекелештирүүгө да жардам берет деп ишенишет.
Галижан Толыбаев, Math Galaxy AI платформасынын негиздөөчүсү:
– Акыркы учурда негизги көйгөй – мугалимдердин абдан көп иштеп, абдан көп
үй тапшырмаларын, экзамендерди текшерүүдө. Бир мугалимге 200-300 окуучу,
студент туура келет, туурабы? Биз бул процессти тездетип турган тиркеме иштеп
чыктык. Эгер мурда сааттарды алса, азыр мүнөттөрдү алат.
Жасалма интеллект саламаттыкты сактоо тармагына да активдүү киргизилип
жатат. MendiSkin стартапы тери рагын эрте аныктоо үчүн платформа болуп саналат.
Бул иштеп чыгуу колдонуучуларга мобилдик тиркеме аркылуу теринин абалын өз
алдынча баалоого, ал эми дарыгерлерге пациенттерди талдоо жана мониторинг
жүргүзүү үчүн кошумча куралдарды алууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда жаш
иштеп чыгуучулар командасы технологияны клиникалык сыноолорду улантып, жасалма
интеллект моделинин тактыгын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат.
Сымбат Баяхметова,
Mendiskin долбоорунун негиздөөчүсү:
– Моделдерди окутуу
үчүн биз атайын дерматологиялык сүрөттөрдү чогултабыз, алар дерматоскоп менен
тартылып, ооруканалардан алынат. Ал эми сүрөттөр жана жалпысынан бейтаптардын
маалыматтары корголгон, шифрленген. Биздин республикада медициналык
маалыматтарга жалпы талап катары, алар казакстандык серверлерде сакталышы
керек. Ошондуктан биз бул
эрежени карманабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

