Жасалма интеллект казакча сүйлөй баштады. Котормонун мыкты технологиясын швейцариялык компания иштеп чыккан. Система каалаган видеону 67 тилге жана 60 диалектиге, анын ичинде казак тилине 100% тактык менен которот. Бул аркылуу илим, бизнес жана маркетинг боюнча талдоочулардын эл аралык тобу автоматтык которуунун жаңы алгоритмин, ыкмаларын колдонот. Уюштуруучулардын айтымында, мындай роботтор каражатты жана убакытты үнөмдөөгө чоң жардам берет.
Денис Красников, долбоордун түзүүчүсү:
- Жакшы жаңылыктардын бири, эми материалды казак тилинен да, казак тилине да которууга болот. Программа кантип иштейт? Аны кызыккан ар бир каалоочу колдоно алат. Бул жеке видеопродюсер же көптөгөн котормолорго кызыккан ири компаниялар болушу мүмкүн. Биздин компаниянын максаты - дүйнө элдеринин тилдик көп түрдүүлүгүн сактоо. Бул тилдерде видеоконтенттерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, эне тилинде билим берүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков