Казакстандын желеги 7синде асманга тартылат

Казакстандын желеги 7синде асманга тартылат

Астанадагы аскердик парад учурунда асманга Казакстандын желеги түшүрүлөт. Бул үчүн учкучтар бир катар машыгуу учууларын өткөрүштү. Адегенде жерде маневрларды жасашты. Эскадрильянын командиринин орун басары Габит Умурзаковдун айтымында, мындан кийин гана учкучтар жооптуу миссияны аткарууга жөнөтүлөт. Учуу учурунда эң негизгиси көк жана сары боекторду бир убакта чачуу керек, андан кийин сүрөт тегиз жана так болушу керек. Ката кетирүүгө укук жок. Атайын техниканын аркасында чыгарылган боек абада бууланып, жерге түшпөйт.


Габит Умурзаков, Эскадрилья командиринин орун басары:


- Ооба, бул жылы биз мамлекеттик желекти түтүн түрүндө чыгаруу сыймыгына ээ болдук. Буйрук биздин топтун лидеринен келет - бул биринчи учак-ал бизге буйрук берет. Трибунага белгилүү аралыкка жетпей, ал түтүн түтүктөрүн төгүүгө буйрук берет. Анын буйругу менен биз бардыгын чачабыз.


Синхрондоштуруу жана инженердик тактык учактардын ортосунда да маанилүү, анткени аба кемесинен бир нече сантиметр аралыкта башка беш борт бар.


Габит Умурзаков, Эскадрилья командиринин орун басары:


- Биз бири-бирибизди карап жүрөбүз. Экинчи учак биринчи учактын артына карайт жана ошол эле ырааттуулукта ар ким өз тартибин сактоого аракет кылат. Белгиленген - ар бир учактын ортосунда өз аралыгы болот. Ар бири ошол интервал-аралыкты сактайт.


Эскерте кетсек, Жеңиштин 80 жылдыгына арналган масштабдуу аскердик парад бугу айынын 7де Астанада өтөт. Ага 4 миңден ашык аскер кызматкери, 300дөн ашык аскердик жана атайын техника, ошондой эле 66 учак жана тик учак катышат.

Которгон: Илгиз Жамлабеков