Казакстандык туристтер үчтүн айынын 14нө чейин мекенине кайтып келет

Казакстандык туристтер үчтүн айынын 14нө чейин мекенине кайтып келет

Учурда чет өлкөдө кыйынчылыкка туш болгон казакстандык туристтер акырындап өлкөгө кайтып келүүдө. Үчтүн айынын 11нен тарта Шри-Ланка, Пхукет, Гоа жана Маледен Казакстанга репатриациялык каттамдары мерчемделген. Көпчүлүк казакстандыктар бүгүнтөн тарта өлкөгө кайтып келишсе, калгандары үчтүн айынын 14нө чейин келишет. «Туристтик камкордук» Корпоративдик фондунун маалыматы боюнча, бүгүн төрт репатриациялык рейсти жүзөгө ашыруу мерчемделген. Белгилей кетсек, Алматыдагы аэропорттун убактылуу жабылганына байланыштуу айрым каттамдар Шымкент жана Нур-Султанга жөнөтүлөт. Учурда төрт миңге жакын казакстандык турист чет өлкөлөрдө жүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков