Жапон туристтерин Эл аралык космос станциясынан алып барган «Союз МС-20» кемеси жерге аман-эсен кайтып келди. Саякатчылар Жезказгандан 150 чакырымдай жерге келип конду. Юсаку Маэдзава жана Ёдзо Хирано, ошондой эле, Александр Мисуркин денедеги кан айлануу кыймылдарын изилдөөгө да катышкан. Муну менен катар, салмаксыздык боюнча гравитациялык бадминтон боюнча турнирге катышты. Космостук туристтер станцияда өздөрүнүн аракеттерин видеого тартып, социалдык тармактар аркылуу бөлүшүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков