Казакстан аркылуу өтүүчү транзиттик учактардын саны артты

Казакстан аркылуу өтүүчү транзиттик учактардын саны артты

Казакстан аркылуу учкан каттамдардын саны үч эсеге көбөйдү. Жарандык авиация комитетинин маалыматы боюнча, анын саны 450дөн ашты. Алардын 257си пландан тышкаркы рейстер. Себеби, транзиттик каттамдардын бир бөлүгү Кара деңиз аймагынан Казакстандын аймагына багытталган. «Казаэронавигация» бардык каттамдарды өз убагында тейлөөгө жана иштин көлөмүн көбөйтүүгө даяр экендигин маалымдады. Аба мейкиндигин башкаруу системасы штаттык режимде иштеп жатат жана учурдагы жүктөрдү тоскоолдуксуз аткарууга жөндөмдүү. Европадан Кытайга жана Түштүк-Чыгыш Азияга каттамдардын көбөйүшү өлкөгө айына кошумча 1,5 миллион доллар киреше алып келээри болжолдонууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков