Өзөктүк полигонду аралыктан көрүүгө болот

Өзөктүк полигонду аралыктан көрүүгө болот

Семей өзөктүк сынак полигонун эми алыстан көрүүгө болот. Радиациялык коопсуздук институту жана Улуттук ядролук борборунда сыноолорду өткөргөн өлкөлөрдүн интерактивдүү картасы түзүлдү. Картада жер бетинде жасалган коркунучтуу жарылуулар боюнча тарыхый маалыматтар көрсөтүлөт. Полигон тууралуу тарыхый-институт окумуштууларынын изилдөөлөрүнө негизделген маалыматтар берилген. Виртуалдык картадан 3D форматын колдонуп, биринчи ядролук сыноо аймагындагы тажрыйба аянтчасында Москва метросу жана башка да стратегиялык объекттер менен таанышууга болот. Азырынча бул жаңычылдык музейге келгендерге жеткиликтүү. Алдыда бул кызматты расмий веб-сайттан жаңыртылган форматта көрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Айсулу Омарханова, окуу-маалыматтык тобу борборунун башчысы:

- Интерактивдүү картада картографиялык материалдардын чоң кору жыйналган. 3D экскурсиялар да уюштурулат. Алардын бири ар кандай себептерден улам Семей полигонуна келсе, бири келе албай жатат. Ошондуктан биз муну виртуалдык форматта Семей полигонунун аймагындагы бардык объектилерди көрө тургандай кылып түздүк. 3D экскурсия менен полигонго жана сынак көлүнө саякаттоого болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков