Жасалма интеллект ЕАЭБдин экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланышы мүмкүн

Жасалма интеллект ЕАЭБдин экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланышы мүмкүн

Жасалма интеллект Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикалык драйверине айланат. Евразия экономикалык комиссиясынын макроэкономикалык саясат департаментинин мүдүрү Алексей Ведевдин пикири боюнча, бүгүнкү күндө AI-технологиялар Биримдик мамлекеттеринин өнөр жайы, логистика, каржы сектору жана мамлекеттик кызматта активдүү колдонулууда. Бирок, санариптик  экономиканы андан ары өнүктүрүү инновацияларды киргизүүнү гана эмес, аларды колдонуунун жалпы принциптерин да талап кылат. Ошондуктан, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү түрдө өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Серепчинин пикири боюнча, AI-технологиялар жакынкы жылдарда бардык катышуучу мамлекеттердин экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана өсүү темпин аныктайт. Алексей Ведевдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөлөрдүн ички дүң өнүмүнүн дээрлик жарымы санариптештирүүгө байланыштуу тармактардын эсебинен калыптанууда. Мында жасалма интеллектти киргизүү менен түздөн-түз байланышкан кызматтар маанилүү роль ойнойт.


Алексей Ведев, Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин мүдүрү:


– Интеллект жана санариптештирүү экономикалык өсүштүн локомотивине айланып кетиши мүмкүн, башкача айтканда ички дүң өнүмдүн дарамети жана экономиканын 4-5% өсүп жатат. Бул жагынан алганда, аталган маселелерди чечүү абдан убактылуу, эгер туура кадам жасалса, андан тышкары санариптештирүү жана интеллектти киргизүү экономикалык өсүшкө кыйла тез таасир этет. Башкача айтканда, буга чейинки башка факторлордун таасири көпкө созулгандыктан, азыркы өзгөрүүлөргө даярдыктарды жүргүзүү зарылдыгы пайда болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков