Астанада көк бөрүдөн кызыктуу таймаш өттү. Жолдоштук беттеште Астана менен АКШнын командалары өз ара күч сынашты. Беттеш бардык ат спорту күйөрмандары үчүн күтүүсүз болду. Белгилей кетсек, Америка курамасы мындай мелдештерге көп жылдардан бери катышып, ата мекендик спортчулар менен беттештерде чеберчилигин өркүндөтүп келет.
Лэдд Хауэлл, көк бөрү боюнча АКШ Улуттук курамасынын капитаны:
- Биринчиден, жалпы казак элине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бизди зор меймандостук менен тосуп алышты. Казакстанга келгенибизге абдан кубанычтабыз. Бүгүн да сонун күн болду. Казак эли ат жалында ойноорун билебиз. Бирге көк бөрү ойноп, машыгуу биз үчүн чоң сыймык.
Борбор калаанын ипподромунда көк бөрүдөн тышкары тыйын эңмей, жаа атуу жана кыз куумай уюштурулду. Эске сала кетсек, бүгүн Казакстанда Улуттук спорттун күнү белгиленүүдө. Шаар тургундары жана коноктору көчмөндөрдүн салттуу оюндарына гана күбө болушпастан, жаа атуу жана тогуз коргоол боюнча мастер-класстарды көрүштү. Мындан тышкары, келүүчүлөрдүн назарына казак тайган иттери менен байыркы бүркүт салуу өнөрү тааныштырылды.
Исламбек Салжанов, Улуттук спорт бирикмесинин президенти:
- Бүгүн, Нооруз майрамынын 20-күнү Улуттук спорт күнү деп аталат. Бул бардык Улуттук спорт ассоциациясы, спортчулар жана күйөрмандар, баарыбыз үчүн жаңылык. Бул албетте улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга түрткү берет деген ишенимдебиз. Акыркы жылдары мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин колдоосу менен улуттук спорттун түрлөрү тез өнүгүп келе жатат. Ушул жылдын аяк оона айында Астанада чоң эл аралык иш-чара өткөрүү мерчемделип жатат. 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен 5 миңден ашык спортчу жана 15-20 миңден ашуун чет элдик турист катышары пландалууда.
Белгилей кетсек, өлкөнүн улуттук спорт түрлөрү ассоциациясынын курамына эң белгилүү оюндар боюнча 10 федерация кирет. Өткөн жылы ата мекендик спортчулар 12 эл аралык мелдешке катышып, 95 медалга ээ болушкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков