Казакстанда «IT-Aiel» жаңыланган долбоору башталды

Казакстанда «IT-Aiel» жаңыланган долбоору башталды

Казакстанда IT-Aiel акысыз билим берүү долбоорунун жаңы сезону башталат. Эске сала кетсек, программа санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган жана көп балалуу энелерге, декреттик өргүүдөгү аялдарга, ошондой эле айыл жаштарына арналган. Окуу 3 айга созулат. Программа онлайн-сабактарды жана аймактардагы көчмө билим берүү сессияларын камтыйт. Долбоор 2023-жылдан бери уланып келет, ушул убакыт ичинде 21 миңден ашуун казакстандык аял кошумча билим алган. Өткөн жылы курсту 4,5 миңден ашуун катышуучу аяктаган, алардын үчтөн бири алган билимине таянып өз ишин ачты. Быйыл программанын мазмуну жаңыланып, 3 билим берүү блогунан турат. Биринчиси AI куралдарын пайдалануу аркылуу каржылык сабаттуулукка үйрөтүүнү көздөйт. Ал катышуучуларга салык эсебин, өзүн-өзү жумуш менен камсыздагандар макамында кызмат жүргүзүүнү жана өз көндүмдөрүн монетизациялоону үйрөтөт. Программанын кийинки блогу электрондук коммерцияны өнүктүрүү менен байланыштуу. Катышуучуларга онлайн-сооданы кантип ишке киргизүү жана маркетплейстерде кантип иштөө керектиги түшүндүрүлөт. Кийинки блок санариптик компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө арналган: жасалма интеллектти пайдалануу менен мобилдик кошумчаларды чыгаруу, ошондой эле AI-технологиялар негизинде видеоконтент жасоо үйрөтүлөт.


Азиза Шужеева, Technowomen Үе башкарма төрагасы:


Биз мурда болуп көрбөгөн эки жаңы адистикти коштук – анын биринчиси вайп-кодинг, башкача айтканда санарип платформалар, жасалма интеллект аркылуу мобилдик тиркемени, сайттарды, башка да өзүбүздүн санарип өнүмдөрүбүздү кантип жасоого болорун үйрөтөбүз, ал эми экинчиси - AI видео-креэйтери. Азыр жасалма интеллект колдонулган видеороликтер абдан таанымал экенин билесиздер, эми биз ушундай роликтерди кантип жасоого болорун үйрөтөбүз, бул санарип маркетинг менен алектенген айымдар үчүн, смм-адистер, журналисттер үчүн, окутуучулар үчүн абдан пайдалуу билим болмокчу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков