Казакстан мектептеринин 7500 бүтүрүчүүсү «Алтын белги» ээси аталды

Казакстан мектептеринин 7500 бүтүрүчүүсү «Алтын белги» ээси аталды

Казакстанда быйыл 11-классты 186 миң окуучу аяктады. Алардын ичинен 7400-дөн ашууну «Алтын белги» ээси аталды. Башкача айтканда, ар бир 25 бүтүрүүчү аталган сыйлыкка татыды. Өлкөнүн окуу-агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, мектепти 13 миң бүтүрүүчү аяктап, тиешелүү аттестаттарды алышты. Белгилей кетсек, «Алтын белги» 5-11-класстын бардык предметтери боюнча жылдык жана жыйынтыктоочу бааларды тапшырган бүтүрүүчүлөргө гана ыйгарылат.

 

Сара Еришева, окуу-агартуу министрлигинин орто билим берүү комитетинин башкы серепчиси:

 

-Бекитилген эрежеге ылайык, Казакстандын жогорку окуу жайларына кабыл алууда эки окуучунун жыйынтыгы бирдей болсо, «Алтын белгинин» жеңүүчүлөрү артыкчылыкка ээ болот. Мындан тышкары, ошол эле жыйынтыкты көрсөткөндө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүгү бар жаштарга артыкчылык берилет. Андан сырткары эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн да орду бөлөк. Бул дегенибиз, аталган категориялар Казакстандын ЖОЖ-доруна гранттарга түшө алат дегенди билдирет.

 

Буга байланыштуу Илим жана жогорку билим берүү министрлиги Улуттук бирдиктүү тестирлөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Ал башталгандан бери 164 миң жолу тапшырылганы белгилүү болду. Алардын ичинен сандарды айта турган болсок, бүтүрүүчүлөрдүн 74% казак тилинде тапшырса, 26% орус тилин тандашкан. 115 адам тесттен англис тилинен өтүүнү артык көрүшкөн. Тестирлөө башталгандан бери казакстандык бүтүрүүчүлөрдүн 76% белгиленген чектен өттү. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков