Жаңы Конституция – Казакстандын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизи

Жаңы Конституция – Казакстандын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизи

Конституциялык реформа өлкөнүн өнүгүүсүндөгү чечүүчү этап болуп саналат. Жаңы Конституция демократиялаштыруу жана саясий системаны жаңыртуу үчүн укуктук негизди түзүп, Адилеттүү Казакстан идеясын ишке ашырууга толук шарт түзөт. Мындай пикирин Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев маслихат депутаттары менен жаңыланган Конституциянын жоболорун талкуулоодо билдирди. Парламенттин жогорку палатасынын спикери жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда адамдык капиталды өнүктүрүүгө, билим берүүгө, илимге жана инновациялык чөйрөгө өзгөчө маани берилгенин белгиледи. Жолугушууда ошондой эле бийлик системасын трансформациялоого жана Курултай менен Элдик Кеңешти кошо алганда, жаңы саясий институттарды түзүүгө байланыштуу өзгөрүүлөр талкууланды. Катышуучулар алардын түзүлүшү, милдеттери жана компетенциялары тууралуу пикир алмашышты.


Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:


– Президентибиз Касым-Жомарт Кемелович Токаевдын демилгеси менен жаңы Конституциянын долбоору даярдалып, республикалык референдумга чыгарылды. Бул демократияны бекемдей турган маанилүү кадам экени анык. Жаңы Преамбулада адам укуктары менен эркиндиктери биринчи жолу мамлекеттин негизги артыкчылыгы катары жарыяланды. Конституциянын долбоору жарандардын сунуштарын эске алуу менен даярдалды. Жарым жыл бою Парламенттин депутаттары, маслихат төрагалары, коомдук ишмерлер, ошондой эле серепчилер жана ар кандай мыйзам тармактарынын адистери жаңы Конституциянын долбоорун даярдоого катышты. Аталган иштин натыйжасында жаңы Баш мыйзам тең салмактуу жана терең ойлонулган документ болуп калыптанды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков