Казакстанга Пржевальск жылкыларынын жаңы партиясы
жеткирилди. Төрт жаныбар кулжа
айынын 1де атайын авиарейс менен Чехиядан Костанай
облусуна алынып келинип, дароо «Алтын Дала» мамлекеттик жаратылыш коругуна жайгаштырылды. Дагы төрт
жылкысы бар экинчи рейс 4 күндөн кийин Берлинден келери күтүлүүдө. Жылкылар адистердин көзөмөлү
астында адаптация мезгилинен өтүп, андан соң жаратылышка коё берилет. Белгилей
кетсек, тарыхый жактан Пржевальск жылкысы Казакстандын аймагында жашаган.
Жаныбарлардын алгачкы топтору өлкөгө эки жыл мурда алынып келген. Жалпысынан
2029-жылга чейин Казакстанга 40 баш жылкы жеткирүү пландалууда. Пржевальск
жылкысынын популяциясын калыбына келтирүү эл аралык программалардын алкагында
жүргүзүлүүдө.
Канат Батырхан уулу, Биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча Казакстан ассоциациясынын адиси:
– Биздин байкообуз боюнча, жылкылар жакшы көнүп башташты. Алар ташуучу кутулардан чыккандан кийин дароо эле короодо эркин кыймылдап, баарын өздөштүрүп, жергиликтүү чөптөрүбүздү жайып, жей башташты. Өздөрүн жакшы сезип жатышат. Эреже боюнча, жылкылар биринчи жылы карантинде болушу керек, биз бир жыл бою аларды байкайбыз, ветеринарлар аларды көзөмөлдөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

