В.Путин Астанадагы ШКУ саммитине катышат

В.Путин Астанадагы ШКУ саммитине катышат

Казакстан менен Орусиянын мамилеси союздук жана стратегиялык. Бул тууралуу президент Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Орус лидеринин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар жыл сайын туруктуу өсүүдө. Мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүк бардык тармактарда бекемделүүдө. Ошондой эле соода жүгүртүү өсүүдө. Энергетика, өнөр жай кооперациясы, аэрокосмостук өнөр жай тармагында бирдиктүү долбоорлор бар. Кошумчалай кетсек, Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышарын тастыктады. Эске сала кетсек, иш-чара теке айынын 3-4 күндөрү Астана шаарында өтөт.

 

Владимир Путин, Орусия Федерациясынын президенти:

 

-Президент Токаев менен дайыма байланыштабыз. Биз аны менен абдан жакын, ишенимдүү, достук мамиле түздүк. Биздин чоң жалпы чек арабыз бар. Адамдар бири-бири менен байланышат. Орусия Федерациясынын 76 субъектиси Казакстандын тиешелүү аймактары менен түз байланышта. Алар абдан эффективдүү иш алып барышат. Анткени адамдар бири-бири менен түз байланышта. Бири-бирин билишет жана бири-бирине ишенишет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков