Теги кыпчак,
белгилүү түрколог Коңыр Иштван Мандокиге арналган китеп окурманга сунушталды. Казакстандык
акын, жазуучу Маржан Ершу «Кыпчак Коңыр» аттуу эмгегин тогуз жыл жазганын
айтат. Чыгармада венгриялык окумуштуунун таасирдүү жашоосу жана бай мурасы
камтылган. Казак менен мадияр үчүн жалпы тарыхый инсан өрнөктүү өмүрүн түрк
элдеринин илим жана руханий жолунда биригишине арнаган. Жалпы тарых менен
адабият, маданият, муундардын үзгүлтүксүздүгүнүн ортосунда көпүрө болгон инсан.
Иштван Мандокини казак жери менен чыгармачылык гана байланыштырбайт. Өткөн
кылымдын 70-жылдары ал өлкөгө келип, илимий иштер менен алектенген. Казак
элинин кулуну Оңайша Максым кызы менен үй-бүлө курган. Өмүрдөн өткөндө керээзи боюнча бабаларынын жеринде,
Казакстанда көмүлгөн.
Маржан Ершу,
акын, жазуучу:
- Казактын оозеки адабиятынын баштоочусу, Абайды бүгүнкү жазуучулар Абиш Кекилбаевге чейин венгр тилине которуп китеп кылып чыгарган. Котормо жаатында көптөгөн эмгектери бар. Мындан тышкары, түркология менен байланышкан эмгектери көп. Ошондой эле Олжас Сулейменов, Чыңгыз Айтматов жана Расул Гамзатов жалпы түрк элинин интеллигенциясы, эли менен дос болушкан.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков