Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы
Омскиде ачылды. Бул Орусиянын аймагындагы ата мекендик жогорку окуу жайдын
биринчи филиалы. Учурда абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатат. Бул жерде
окутуучулар курамы эки өлкөнүн профессорлорунан жана окумуштууларынан турат.
Окутуу казак, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Окуу жайга Казакстандын
жарандары Улуттук бирдиктүү тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, Орусиянын жарандары
маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Омскидеги казак университетинин
филиалында окууга Кытайдан жана Монголиядан келген абитуриенттер да каалоо
билдиришкен.
Нуркен Абдигали, КАЗУУнун Рекрутинг департаментинин
мүдүрү:
- Филиал алгачкы
абитуриенттерди кабыл ала баштады. Документтер теке айынын 31ине чейин кабыл алынат. Бул
жерде «Эл
аралык укук»,
«Бажы
иши»
жана «Казак
тили жана адабияты»
сыяктуу билим берүү программалары боюнча адистер даярдалат. Бакалаврлар ушул
программалар боюнча окутулат.
Которгон: Назира Бегалиева

