Казакстанда суу тармагы үчүн кадрларды даярдоо иштери жанданууда. Атап
айтканда, өлкөдө тармактык адистиктерге бөлүнүүчү гранттардын саны көбөйтүлүп,
быйыл алардын саны миңден ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.
Бул тууралуу Суу ресурстары жана ирригация министрлиги Астанада өткөн маалымат
жыйынында билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, жакынкы жылдары ири
инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана гидротехникалык объектилерди
жаңылоо үчүн республикада кеминде эки миң адис керек болот. Жалпысынан алганда,
адистикке болгон кызыгуу артып келе жатат. Эгер өткөн жылы суу ишканаларында
80ден ашык студент тажрыйбадан өтсө, быйыл алардын саны 339га жетти. Кадрларды
кайра даярдоого да көңүл бурулат. Казакстандык адистер эки жыл катары менен
АКШ, Франция, Өзбекстан, Түштүк Корея, Жапония жана Кытайда квалификацияны
жогорулатуу курстарынан өттү.
Ляззат Жүсипова, Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин
Илим жана инновация департаментинин мүдүрү:
- Бул багыттагы негизги кадамдардын бири эл
аралык кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат. Суу ресурстары жана ирригация
министрлиги менен кытайлык Power China
компаниясы менен макулдашуунун натыйжасында казакстандык суу тармагынын
адистери коңшу өлкөдө квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүүдө. Аталган
курстардан 60 адис өтүп бүттү. Бүгүнкү күндө 31 адис окууда. Жылдын аягына
чейин дагы 30 адис коңшу мамлекетке барып билим алат.

